Бишкекте “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолуна арналган иш-чара өттү

Коом 25 сентябрь 2025 18:18
554971956_1348116590656305_9069816871267976077_n.jpg
554063465_1348116587322972_4739577618196345301_n.jpg
552953591_1348116627322968_4220854375325819163_n.jpg
Алдыга
Артка
554971956_1348116590656305_9069816871267976077_n.jpg
554063465_1348116587322972_4739577618196345301_n.jpg
552953591_1348116627322968_4220854375325819163_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Жогорку сотунда өткөн “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолуна арналган иш-чарага катышты.

Иш-чара “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун коомдук-саясий, укуктук жана руханий багыттарын сот системасына терең сиңирүү максатын көздөдү.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө “Уңгу жол” — бул улуттук идеологиянын негизги документи экенин баса белгилеп, анын максаты – адептүү, мекенчил жарандарды тарбиялоо, мамлекеттик институттарды бир багытта өнүктүрүү жана коомдун руханий коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгиледи.

Сот системасынын ролуна токтолгон Марат Иманкулов адилеттүүлүк жана мыйзам үстөмдүгү “Уңгу жолдун” негизги таянычтары экенин айтып, ар бир сот кызматкерин мыйзамдуулукка жана акыйкаттыкка бекем турууга чакырды.

“Адилет сот – кубаттуу мамлекеттин тиреги. Ар бир кызматкер элдин үмүтүн актай турган ишенимдүү өкүл болушу керек”, – деди мамлекеттик катчы.