Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин Чоң-Арык айылындагы турак үйдөн чыккан ири өрт саат 17:30да өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жеринде иш алып барган ыкчам штабдын берген маалыматына ылайык, өрттүн жалпы аянты болжол менен 240-250 чарчы метрди түзгөн.
Жабыркагандар жок.
Белгилей кетсек, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ тартылды. Бир турак үйдөн чыккан өрт эки тарабындагы кошуна үйлөргө өтүп, үч турак үй жабыркаган.