Бишкекте түштүк кореялык компаниялардын айыл чарба көргөзмөсү өтөт

Коом Загрузка... 18 Май 2026 12:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Бишкекте 20-майда түштүк кореялык компаниялардын айыл чарба көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу КР айыл чарбасынын эмгек сиңирген ишмери Таалайбек Айдаралиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, долбоорду Кыргызстанда жана Борбор Азия өлкөлөрүндө 15 жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келе жаткан KDA LLC – Корея жана Кыргызстанды өнүктүрүү ассоциациясы ишке ашырууда.

Таалайбек Айдаралиев белгилегендей, бул көргөзмө Кореянын заманбап айыл чарба жана өнөр жай технологияларын бириктирет.

WhatsApp Image 2026-05-18 at 09.18.58
“Долбоор эл аралык кызматташууну өнүктүрүү, инновациялык технологияларды киргизүү, Кыргызстандын агроөнөр жай тармагын колдоо жана Кыргызстан, Корея жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн компаниялары үчүн туруктуу ишкердик аянтчасын түзүү максатын көздөйт. Көргөзмөнүн алкагында айыл чарба жана өнөр жай багытындагы алдыңкы технологиялар, күнөскана чарбасы үчүн инновациялык чечимдер, продукцияны кайра иштетүү, сугат системалары, үрөнчүлүк, экологиялык таза өндүрүш ыкмалары көрсөтүлөт”, - деди ал.

Көргөзмөгө Түштүк Кореянын болжол менен 60тан ашык компаниясынын катышуусу күтүлүүдө.

Расмий иш-чаралар аяктагандан кийин көргөзмө туруктуу негизде ишин улантып, технологияларды көрсөтүү, сооданы өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана Кыргызстан, Корея жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча эл аралык аянтчага айланат.

Көргөзмөнүн ачылыш аземи 20-майда саат 10:00дө Ак-Бата-9, №58 дарегинде өтөт.