Бишкек, 05.09.25 /Кабар/. Бишкекте түрк актерлору көрүүчүлөр менен жолугушту.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, «Ала-Тоо» кинотеатрында түрк кино күндөрүнүн ачылыш аземи өттү.
Маданий иш-чара Түркиянын менен Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Кинематография департаменти, Түркиянын Бишкектеги элчилиги жана “Йерли Дүшүнже” коомдук фонду тарабынан уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында түрк кино жылдыздары — белгилүү актрисалар Дамла Сөнмез, Йылдыз Чагры Атиксой, Эжем Сена Байыр жана Дуйгу Мержан, ошондой эле актёрлор Барыш Кылычжана Аныл Алтан кызыл килем аземинин ардактуу коноктору болду.
Ошондой эле, көрсөтүлүүчү тасмалардын режиссёрлору жана продюсерлери менен да жолугушуулар уюштурулат. Ачылыш аземинде көрүүчүлөр Түркиянын 2025-жылдагы Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн тасмасы — “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” көркөм фильмине күбө болушат. Фильмдин режиссёру жана башкы каарманы Мурат Фыратоглу иш-чарага катышып, көрүүчүлөр менен баарлашат.
Көрсөтүүлөрдүн программасы:
• 4-сентябрь: “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” – реж. Мурат Фыратоглу
• 5-сентябрь: “Сүйүү байланыштары” – реж. Хакан Куршун
• 6-сентябрь: “Акылдан жүрөккө” – реж. Өзер Фейзиоглу
• 7-сентябрь: “Хай Хак Карагөз – Хаживат” (анимациялык тасма) – реж. Кенан Акташын
• 8-сентябрь: “Эрке” – реж. Онур Үнлү
Бардык көрсөтүүлөр “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт жана кирүү акысыз.
Эске салсак, 4–8-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий алакаларды чыңдоону жана түрк кинематографиясын таанытууну максат кылган “Түркия-Кыргызстан түрк кино күндөрү” иш-чарасы өткөрүлөт.