Бишкекте Трансплантация жана диализ борбору курулууда

Ден соолук Загрузка... 21 Май 2025 15:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Бишкек шаарында Трансплантация жана диализ борборунун курулушу уланууда.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө жер төлөнүн курулушу толук бүткөрүлүп, биринчи кабатында иштер жүрүп жатат.

Келечектеги борбор алты деңгээлден турат (жер төлө жана жер үстүндөгү 5 кабат). Анда нефрология, гемодиализ, гепатология, трансплантация бөлүмдөрү, генетикалык жана биохимиялык изилдөөлөр лабораториясы, операциялык залдар, реанимация, бейтапкана жана трансплантациядан кийинки кароого арналган бөлүмдөр жайгашмакчы.

Белгиленгендей, долбоордун жалпы наркы 446,6 млн сомду түзөт. Каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлүүдө. Борбор бөйрөк жана боор оорулары бар бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздалмакчы.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов борбордо трансплантацияга муктаж бейтаптар текшерүүдөн өтүп, орган алмаштырууга даярдыктан өтөрүн белгиледи. Операциялар өлкө ичинде же чет өлкөдө жасалгандан кийин, бейтаптар бул борбордо дарыланууну жана кийинки көзөмөлдү уланта алышат.

Борбордун ачылышы жогорку технологиялуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, бейтаптарды дарылоонун бардык этаптарында үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүнү камсыз кылат.