Бишкекте түнкү автобус каттамдары ишке кирет — баалар жана каттамдар

Коом Жүктөлүүдө... 03 Июль 2026 12:15
539424016_3534473346695839_9142987562306476972_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. Бүгүн саат 23:00дөн тартып Бишкек шаарында пилоттук режимде муниципалдык түнкү автобус каттамдары ишке кирет.

Мэриядан билдиришкендей, биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №55 автобустары каттамга чыгат. Ар бир каттамда үчтөн автобус каттайт.

Алар бекитилген графикке ылайык, саат 23:00дөн 05:00гө чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Жол кире акысы төмөнкүдөй болот:

  • Накталай эмес төлөмдө (банктык карта, транспорттук карта же QR-код аркылуу): 70 сом;
  • Накталай төлөмдө: 90 сом.