Бишкекте ТМУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу башталды

Коом Загрузка... 18 Сентябрь 2025 15:22
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин администрациясында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президентинин жолугушуусу башталды. 

Алгач, жолугушуу башталаар алдында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев делегация башчыларын “Ынтымак Ордонун” имаратынан тосуп алып салашдашты. 

Андан соң, ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду. Андан кийин жолугушуу боло турган сүйлөшүү залына өтүштү. 

Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президентинин жолугушуусуна – Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышууда. 

Жолугушуунун жүрүшүндө ТМУнун алкагындагы артыкчылыктуу багыттарды экономика, соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташуу маселелер каралат. Ошондой эле ТМУ алкагында буга чейин кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана ишмердүүктүн механизмдерин жакшыртуу маселелери талкууланат. 

Кошумчалай кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын/Вице-президентинин жолугушуусун ТМУга мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана эл аралык ЖМКнын 90дон ашуун  өкүлү маалыматтык жактан камсыздоо иштерин жүргүзүүдө.  

Маалымат үчүн. Түрк мамлекеттеринин уюму – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстанды бириктирген түрк мамлекеттеринин эл аралык кызматташтык уюму. ТМУнун негизги максаты түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү.