Бишкекте Төлөмүш Океевге арналган мурал пайда болду

Маданият Загрузка... 18 Ноябрь 2025 10:56
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын административдик имаратынын маңдайкы бетине залкар режиссёр, кыргыз киносун дүйнөгө тааныткан Төлөмүш Океевдин портрети түшүрүлгөн жаңы мурал пайда болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Муралда режиссёрдун образы менен бирге анын “кыргыз кереметине” айланган улуу кино чыгармаларынан алынган символдук кадрлар чагылдырылды.

Бул көркөм композиция улуу устаттын чыгармачылык мурасын даңазалап, кийинки муун үчүн руханий дем берүүчү маанилүү көркөм белги катары уюштурулду.

Белгиленгендей, муралды жаратуу демилгеси “Кыргызфильм” киностудиясынын директору Максат Жумаевге таандык. Демилгени ишке ашырууда мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес. Иш толугу менен жетекчинин жеке каражатынын эсебинен аткарылды. Ошондой эле административдик имараттын маңдайкы фасадын толугу менен жаңылоо, оңдоо иштерин жүргүзүү жана кошумча көрктөндүрүү иш-аракеттери дагы киностудиянын жетекчисинин жеке каржылоосу аркылуу жасалды.

Жаңы мурал жана жаңыланган фасад улуттук кино өнөрүнүн тарыхый маанисин, анын залкар өкүлдөрүнүн мурасын урматтоо жана “кыргыз кереметинин” маданий баалуулугун кийинки муунга жеткирүү максатын көздөйт.