Бишкекте Төлөмүш Океевдин 90 жылдыгы белгиленет

Маданият Загрузка... 11 Сентябрь 2025 11:54
1017981162_0_34_2000_1164_600x0_80_0_0_cb915e368ff9a925d48f0850389e52c3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында кыргыз киносунун залкар режиссеру, СССРдин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Төлөмүш Океевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы даярдаган кыска метраждуу даректүү тасма көрсөтүлүп, концерттик программа менен уланат. Кечеге Океевдин үй-бүлөсү, жакын санаалаштары жана кыргыздын белгилүү кинематографисттери катышат.

Төлөмүш Океев (1935–2001) кыргыз киносун дүйнөгө тааныткан «Бакайдын жайыты», «Уркуя», «Көк серек», «Кызыл алма», «Алтын күз», «Кожожаш» сыяктуу чыгармалары менен маданий мурастын алтын казынасына кирген. Анын ысмы 2002-жылы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясына ыйгарылган.