Бишкекте өткөн ШКУнун энергетика жыйыны: Жаңы этап жана мүмкүнчүлүктөр

ШКУ Загрузка... 19 Июнь 2026 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин энергетика министрлеринин алтынчы жолугушуусу өттү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул жыйын регионалдык энергетикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган маанилүү эл аралык аянтча катары бааланды.

Жыйындын ачылышында министр Алтынбек Рысбеков ШКУнун 25 жылдык юбилейи уюмдун өнүгүүсүндө жаңы стратегиялык этап экенин айтып, энергетикалык кызматташтык акыркы жылдары регионалдык коопсуздуктан тартып туруктуу жана “жашыл” өнүгүүгө чейинки багытта кеңейгенин белгиледи.

ALI_7824.jpg

Ал дүйнөлүк энергетика олуттуу трансформацияны баштан кечирип жатканын, электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшү, санариптештирүү жана энергия коопсуздугу маселелери бардык өлкөлөр үчүн бирдей актуалдуу экенин белгилеп, мындай шартта ШКУ өлкөлөрүнүн өз ара координациясы өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, инвестиция тартуу, энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо жана заманбап технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл энергияны үнөмдөө, санариптик башкаруу системалары жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу багыттарына бурулду.

DSC_3036.jpg

Кыргызстан бул контекстте трансчек аралык энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү жана улуттук энергосистемалардын өз ара байланышын кеңейтүүнү колдой турганын билдирди. Бул кадамдар энергия ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана региондук энергетикалык туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле министр гидроэнергетиканын Кыргызстан үчүн стратегиялык маанисине токтолуп, аны өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй ШКУ мейкиндигинин энергетикалык балансына салым кошо турган ресурс катары мүнөздөдү.

"Биз эң жеткиликтүү энергетикалык ресурс катары энергияны өндүрүү эмес, аны үнөмдөө экенин бүгүн өзгөчө түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан энергия натыйжалуулугу жана санариптик чечимдер энергетика тармагынын келечегин аныктайт", – деп белгиледи Рысбеков.
DSC_3040.jpg

Бул багытта Кыргызстан Бишкекте энергия үнөмдөөчү жана ресурсту сактоочу технологиялар боюнча Регионалдык борборду түзүү демилгесин сунуштады. Бул борбор регион үчүн тажрыйба алмашуу, кадр даярдоо, изилдөө жүргүзүү жана заманбап технологияларды жайылтуу аянтчасы катары кызмат кылышы күтүлүүдө.

Жыйындын соңунда энергияны үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулук, ошондой эле энергетика системаларын өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча эки негизги документ жактырылды. Бул чечимдер ШКУ мейкиндигинде энергетикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.

Жалпысынан Бишкектеги бул жыйын Кыргызстан үчүн регионалдык энергетикалык диалогдогу ролун күчөтүп, өлкөнү ШКУ алкагында энергетика тармагындагы активдүү демилгечи жана ишенимдүү өнөктөш катары көрсөттү. Бул иш-чара энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана региондук туруктуу өнүгүүгө олуттуу салым кошору күтүлүүдө.