Бишкекте тилемчилик менен алектенгендерди аныктоо боюнча рейд өттү

Укук тартиби Загрузка... 16 Октябрь 2025 13:55
copyright icon www

Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Милициянын Кайгуул кызматы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо максатында жолдордо жана жол кесилиштеринде тилемчилик менен алектенген жарандарды аныктоо боюнча профилактикалык рейд өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө кызматкерлер айдоочулардан акча сураган, жол кыймылына тоскоолдук жараткан тилемчилерди аныкташты. Алар менен профилактикалык маектер өткөрүлүп, мыйзам талаптары жана мындай аракеттердин жоопкерчилиги түшүндүрүлдү.

Андан соң, тилемчилер социалдык жардам алуу жана убактылуу жайгаштыруу үчүн «Коломто» баш калкалоочу жайына жеткирилди.

Кайгуул кызматы коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында мындай рейддерди мындан ары да дайыма жүргүзөөрүн билдирди.