Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган Textile & Logistics – 2025 эл аралык эки күндүк жарманкеси өз ишин баштады.
Палатадан билдиришкендей, иш-чара кийим тигүүчүлөрдү гана эмес, ошондой эле насыя берүү, камсыздандыруу, жүк ташуу жана логистика тармактарынын өкүлдөрүн да бириктирди.
Жарманке шаар тургундары үчүн да жакшы мүмкүнчүлүк жаратып, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын түз баада сатып алууга шарт түздү.
Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Мамасадык Бакиров белгилегендей, мындай аянтчалар жеңил өнөр жайды жана логистика секторун өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ болуп, бизнес өкүлдөрүнүн өз ара кызматташуусуна кеңири мүмкүнчүлүк берет.
Жарманкеге Россиядан, Казакстандан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр катышууда. Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгүнүн орун басары Дмитрий Ифко белгилегендей, кыргыз тикмечилик тармагы учурда активдүү өзгөрүүлөр баскычында турат. Логистика жолдору жаңыланып, маркетплейстер пайда болууда, ЕАЭБ алкагында жаңы шарттар жаралууда. Бүгүнкү күндө кыргыз жана россиялык өндүрүүчүлөр ортосунда активдүү кызматташуу түзүлгөн.
Иш-чаранын алкагында Ozon, Wildberries, TikTok сыяктуу ири платформалардын жана салыктар, транспорт, камсыздандыруу, санариптик маркетинг боюнча адистердин катышуусунда бизнес-программа өттү.
Жарманке эртең да уланат. Катышуучулар үчүн бул — продукцияны кеңири аудиторияга тартуулоого, жаңы өнөктөштөрдү табууга жана бизнес байланыштарды чыңдоого чоң мүмкүнчүлүк.