Бишкекте темир жолчулар үчүн турак жай комплекси курула баштады

Коом 10 июль 2025 13:08
504381706_1041380641537104_7646104124938421754_n.jpg
504378345_1041380088203826_2763425236528286467_n.jpg
504381692_1041380464870455_6685939343589219945_n.jpg
514346390_1041380708203764_1673258917101662626_n.jpg
515103696_1041380311537137_7544285806622073781_n.jpg
516377420_1041380598203775_7791692252823411320_n.jpg
516412321_1041380938203741_794184115048259371_n.jpg
516478065_1041379741537194_1815235656733316733_n.jpg
516560692_1041379961537172_3391467735247453907_n.jpg
516733850_1041379804870521_4897150396723268572_n.jpg
516736839_1041380788203756_7623563905365970603_n.jpg
516839155_1041380014870500_4093482937913990837_n.jpg
517144038_1041380314870470_7596078581934425999_n.jpg
517388086_1041380308203804_7761014950604166595_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргыз темир жолу"

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери үчүн курула турган көп кабаттуу турак жай комплексинин мезгил кутучасы салынды.

Ишканадан билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, ишкананын жетекчилиги, темир жолчулар жана чакырылган коноктор катышты.

Аянтчага компаниянын кызматкерлери үчүн ар бири 19 кабаттуу үч блоктон турган 285 батирлүү турак-жай куруу пландалууда.

Анын ичинде:

  • 1 бөлмөлү 114 батир;
  • 2 бөлмөлү 114 батир;
  • 3 бөлмөлү 57 батир камтылган.

Темир жолчулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, заманбап инфраструктура камсыздалат: комплексте унаа токтотуучу жай, спорт жана балдар аянтчасы, ошондой эле заманбап жылуулук борбору каралган. Турак-жай коплекси Лев Толстой/ Термечиков көчөсүндө жайгашкан.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин социалдык турак жай менен камсыз кылуу долбоору президент Садыр Жапаров жана президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин колдоосу менен ишке ашырылууда.