Бишкекте тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулуна арналган эл аралык конференция өттү

Коом 26 сентябрь 2025 17:50
554484852_1349034580564506_3562488587848440548_n.jpg
555699125_1349034587231172_6521706604734251523_n.jpg
555548849_1349034650564499_1779575389723883777_n.jpg
554204739_1349034583897839_7757934690757321682_n.jpg
Алдыга
Артка
554484852_1349034580564506_3562488587848440548_n.jpg
555699125_1349034587231172_6521706604734251523_n.jpg
555548849_1349034650564499_1779575389723883777_n.jpg
554204739_1349034583897839_7757934690757321682_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулуна арналган эл аралык конференцияга катышты.

Марат Иманкулов өз сөзүндө кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири, тарыхчы жана жазма мурастын негиздөөчүсү болгон Осмонаалы Сыдык уулунун илимий-агартуучулук ишмердүүлүгүн эске салды. Ошондой эле анын “билимсиз элдин келечеги караңгы болот” деген сөзүн эске салып, билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекеттик катчы Осмонаалы Сыдык уулунун идеялары бүгүнкү күндө да актуалдуу экенин белгиледи. Анын мурасы азыркы билим берүү, улуттук аң-сезимди өнүктүрүү жана түрк элдеринин руханий биримдиги үчүн маанилүү багыт болуп кала берет.

Эл аралык конференция түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдөөгө, агартуу тармагында кызматташтыкты тереңдетүүгө жана руханий мурастын улантуучулугун сактоого багытталган. Иш-чара Эл аралык түрк академиясынын колдоосу менен уюштурулду.