Бишкекте “Тандем” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Маданият 13 Май 2025 17:42
496901360_994805942811162_7001547455303681587_n (1).jpg
496303658_994806459477777_6141504210085069581_n.jpg
497572845_994806419477781_2163846315656965871_n.jpg
496809661_994806102811146_2613154729768647863_n.jpg
496303408_994806106144479_580194426007928529_n.jpg
496816773_994806066144483_7459415518011414683_n.jpg
496757785_994805892811167_5974109544839173865_n.jpg
496812279_994805872811169_1204320693058988348_n.jpg
Алдыга
Артка
496901360_994805942811162_7001547455303681587_n (1).jpg
496303658_994806459477777_6141504210085069581_n.jpg
497572845_994806419477781_2163846315656965871_n.jpg
496809661_994806102811146_2613154729768647863_n.jpg
496303408_994806106144479_580194426007928529_n.jpg
496816773_994806066144483_7459415518011414683_n.jpg
496757785_994805892811167_5974109544839173865_n.jpg
496812279_994805872811169_1204320693058988348_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде заманбап искусствонун көрүнүктүү эки өкүлү – Умар Раджабов менен Алмазбек Шаршекеевдин биргелешкен “Тандем” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, сүрөтчүлөр жана маданият кызматкерлери катышты.

Министрдин биринчи орун басары өз сөзүндө Кыргызстандын сүрөтчүсү Алмазбек Шаршекеев жана Өзбекстандын сүрөтчүсү Умар Раджабовдун биргелешкен эмгеги достукту, руханий биримдикти, искусствонун чек ара билбеген кубатын даңазаларын, “Тандем” көргөзмөсү- маданият аркылуу диалог түзүүнүн жана улуттук көркөм өнөрдү эл аралык деңгээлге чыгаруунун мыкты үлгүсү экенин билдирди.

Көргөзмө эки автордун баарлашуусун чагылдырат, алардын ар бири өзүнүн көркөм тилине ээ, бирок алар биргелешип бирдиктүү жана көп кырдуу экспозицияны жаратышкан.

Меймандар сүрөтчүлөрдүн жеке дүйнө таануусун жана алардын азыркы доор тууралуу ой толгоолорун чагылдырган живопись жана графикалык иштерге күбө болушту.

Умар Раджабов – чыгармачылыгында живопись салттары менен көркөм изденүүлөрдү айкалыштырган сүрөтчү. Анын чыгармалары ачык колористика, композициялык курамдуулуктун тереңдиги жана философиялык мазмуну менен айырмаланат. Ал жаратылыш, маданият жана адам баласынын ички дүйнөсү темалары менен жигердүү иш алып барып, аларды түстөрдүн ширелүү гаммасы аркылуу чагылдырат.

Алмазбек Шаршекеев – сүрөтчү-экспериментатор, анын чыгармалары формалардын тайманбастыгы жана кайталангыс визуалдуулугу менен айырмаланат. Ал мифологияга, символизмге жана жеке тажрыйбага таянуу менен көркөмдүктүн чектерин изилдеп келет. Анын чыгармаларында образдар менен терең маанилүү абстракция жана фигуративдүүлүк айкалышат.