Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча, Бишкекте Кожевенная көчөсүндөгү тамактануучу жайдан өрт чыккан.
ӨКМден билдиришти, өрттү өчүрүүгө саат 16:24төн тарта жалпы 3 күжүрмөн эсеп, штаб жана ыкчам топ (1 дрон) тартылган.
"Тилсиз жоо саат 16:41де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.