Бишкекте сумо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Спорт Загрузка... 12 Май 2025 13:44
496956264_18356449435196946_3647448881595851480_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Эртең, 13-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жаштар жана чоңдор арасында сумо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категориясында күч сынашат:

Кыздар: 50, 60, 65, 73, 80, +80 кг;
Балдар: 50, 60, 70, 80, 100, +100 кг;

Кыз-келиндер: 55, 65, 73, 80, +80 кг
Эркектер: 70, 77, 85, 100, 115, +115 кг,