Бишкекте спорттук медицинаны өнүктүрүү маселелери талкууланды

Ден соолук 25 Апрель 2025 11:43
492257807_702530312174340_2607590463835671194_n.jpg
491174471_702530472174324_209530301673889161_n.jpg
491300171_702530538840984_3589068427455559656_n.jpg
492002237_702530398840998_5211604793734844458_n.jpg
492231617_702530435507661_7883312794507290817_n.jpg
492737134_702530355507669_4829342742503762588_n.jpg
493055871_702530578840980_457111198056125733_n.jpg
493555574_702530508840987_4364392026409938630_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте улуттук футболду жана спорттук медицинаны өнүктүрүүнүн негизги маселелери талкууланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Кыргызстандын футбол союзунун башкы катчысы Медербек Сыдыков, ошондой эле Япониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлдөрү жана волонтерлору катышты.

Япониялык ыктыярчылар Улуттук футбол академиясынын студенттеринин ден соолугун чыңдоо боюнча сунуштарын беришти.

Каарманбек Байдавлетов Саламаттык сактоо министрлиги ата мекендик спортко активдүү колдоо көрсөтүп, спорттук медицинаны өнүктүрүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Таалайбек Масабиров мамлекет тарабынан футболду колдоо боюнча олуттуу аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи: ири спорт объектилери курулуп, аймактарда спорт мектептери, академиялар ачылууда.

Медербек Сыдыков өлкөнүн бардык спортчулары квалификациялуу жардам ала ала турган заманбап спорттук-медициналык реабилитациялык борбор түзүү пландары тууралуу айтып берди.

Борборду алдыңкы медициналык жабдуулар менен жабдуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулууда.