Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Интернетте Бишкектеги таштандыга толгон аймак тартылган видеодон кийин ыкчам чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-июлда Instagram социалдык тармагында "Бул Бангладеш эмес – бул Бишкек" деген аталышта видео жарыяланган. Ушул эле күнү Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы муниципалдык органдар менен биргеликте аталган аймакты санитардык тазалоодон өткөрүп, таштандылар толугу менен чыгарылды.
Учурда бул мыйзам бузууга жол берген күнөөлүү тараптарды аныктоо жана аларга укуктук баа берүү иштери жүрүүдө.
Министрлик эскерткендей, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, таштандыларды уруксат берилбеген жайларга таштоо жана айлана-чөйрөнү булгоо фактылары үчүн 23 миң сомго чейин административдик айып пул каралган.