Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Бүгүн борбор калаадагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин 100 жылдыгына жана социалдык коргоо менен профсоюз кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, министрликтин жетекчилери жана кызматкерлери, профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле ардактуу меймандар катышууда.
Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрөгасы Адылбек Касымалиев социалдык коргоо тармагынын кызматкерлери коомдун эң муктаж катмарына – улгайгандарга, майыптыгы бар жарандарга, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жардам берип, алардын жашоосун жеңилдетүүгө чоң салым кошуп жатканын белгиледи.
“Бул тармакта эмгектенүү – чоң жоопкерчиликти, сабырдуулукту жана адамга болгон чыныгы кайрымдуулукту талап кылат. Сиздердин аракеттериңиздердин аркасында миңдеген жарандар колдоого ээ болуп, жашоосунда үмүт пайда болууда”,– деди ал.
Салтанаттын жүрүшүндө тармакта үзүрлүү эмгектенип келген мыкты кызматкерлерге Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана сыйлыктар тапшырылды.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен уланды.