Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Бишкекте шлакты кайра иштетүүчү жана акиташ өндүрө турган заводдор ишке кирет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Биринчи май районунун администрациясынын башчысы Улан Сарылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, эки завод тең таштандыны кайра иштетүүчү заводго жакын аймакта жайгашкан. Учурда курулуш иштери ортолоп калды.

“Шлакты кайра иштетүүчү заводго жана акиташ заводуна таштандыны кайра иштетүүчү завод тараптан жер тилкелери бөлүнгөн. Эки заводго тең эле жер келишимдин негизинде ижарага берилген. Шлак заводу жайгаша турган 4 гектар жерде азыр бетондоо иштери аяктап калды. Андан соң жеңил конструкцияларды тургузуу иштери жүрөт. Декабрь айында таштандыны утилдештирүү заводу ишке киргени турат. Бул завод да ошол убакта курулуп бүтүшү керек. Анткени таштандыны кайра иштетүүчү заводдон чыккан шлакты жаңы завод иштетиши керек. Акиташ заводу да удаа курулуп келе жатат. Таштандыны өрттөө учурунда атайын технологияга ылайык түтүндү тазалоо үчүн күнүгө он тонна акиташ керектелет. Ошондо ишкана таштанды заводун акиташ менен камсыздамакчы. Акиташ заводу декабрь айында ишке киргизилет деп турабыз”, - деди аким.

Улан Сарылбек уулу белгилегендей, эки өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилсе, шаар бюджетине салыктар түшөт, 40ка жакын жумуш оруну түзүлөт.

“Заводдордун курулуш иштерине шаардын каражаты жумшалбайт. Мында шаарга инвестиция тартылды. Шлакты кайра иштетүүчү заводго 1,5 млн доллар, акиташ заводуна 10 млн долларга жакын каражат жумшалат”, - деп белгиледи район башчысы.

Акимдин пикиринде, бир күндө миң тонна таштанды кайра иштетиле турган болсо, андан 200 тонна шлак чыгат. Ишкана шлакты кайра иштетүү менен курулуш материалдарын чыгармакчы.