Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. 23-июнда Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук укук коргоо мекемелеринин өкүлдөрүнүн биринчи консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын улуттук укук коргоо институттарынын жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өкүлдөрү катышат.
Жолугушууда адам укуктарын коргоо боюнча улуттук институттардын жана ШКУга мүчө мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдарынын ишмердүүлугү тууралуу маалымат алышат.
Делегациянын жетекчилери өз мекемелеринин укуктук негиздери жана мандаты жөнүндө маалымат берип, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшөт.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук укук коргоо институттарынын ортосунда эки тараптуу жолугушуулар өтүп, кызматташтык тууралуу меморандумдарга кол коюлат.