ШКУнун 25 жылдыгы: КУУда жаш изилдөөчүлөрдүн эл аралык конференциясы өттү

ШКУ Загрузка... 23 Апрель 2026 14:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "ШКУнун 25 жылы: Туруктуу тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн бирге" аттуу жаш изилдөөчүлөрдүн эл аралык конференциясы өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага илимий коомчулук, мамлекеттик органдар, элчиликтердин өкүлдөрү жана ШКУ өлкөлөрүнүн алдыңкы университеттеринин жаш изилдөөчүлөрү катышты.

Жыйын Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына карата уюштурулуп, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жаштар, илим жана билим берүүнүн ролу боюнча ачык диалог үчүн аянтча болду.

Конференцияда логистика, соода жана санариптик технологияларды өнүктүрүү келечеги, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана эл аралык диалогдун жаңы формаларын өнүктүрүүдө жаш адистердин ролу талкууланды.

Билим берүү ыкмаларын шайкеш келтирүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү жана ШКУ өлкөлөрүнүн ийгиликтүү тажрыйбаларын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Анткени бул илимий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар биргелешкен илимий долбоорлорду иштеп чыгуу, академиялык байланыштарды кеңейтүү жана ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин билдиришти.