Бишкекте Шүкүров-Медеров көчөлөрүн бириктирген көпүрө бетондолууда

Коом 7 октябрь 2025 11:20
1759755520_large.jpeg
1759755475.jpeg
Алдыга
Артка
1759755520_large.jpeg
1759755475.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Чыгыш Чоң Чүй каналы аркылуу Шүкүров жана Медеров көчөлөрүн бириктирген көпүрөнү куруу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда көпүрөнүн үстүңкү катмарын бетондоо иштери жүрүп жатат.

Көпүрөнүн узундугу жана туурасы 15 метр, анын ичинен жолдун эки четинде 2 метрлик тротуарлар каралган. Жалпысынан 15 устун орнотулган.

Эске салсак, куруу иштери июль айында башталган.