Бишкекте салтка айланган Night Run – 2025 түнкү марафону өттү

Спорт 16 Июнь 2025 15:05
1750061502 (1).jpeg
1750061497.jpeg
1750061493.jpeg
1750061481.jpeg
1750061473.jpeg
1750061468.jpeg
1750061464.jpeg
1750061525.jpeg
1750061521.jpeg
1750061507.jpeg
Алдыга
Артка
1750061502 (1).jpeg
1750061497.jpeg
1750061493.jpeg
1750061481.jpeg
1750061473.jpeg
1750061468.jpeg
1750061464.jpeg
1750061525.jpeg
1750061521.jpeg
1750061507.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек 16.06.25 /Кабар/. Бишкек шаарындагы «Газпром – балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында V Night Run түнкү марафону өттү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иш-чарага 25 өлкөдөн келген 30 миңге жакын катышуучу чогулуп, 5 жана 10 чакырымдык аралыкта күч сынашты.

Марафондун расмий ачылышына шаар мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышып, марафончуларга аралыкты жеңил чуркап, майрамдан жагымдуу эмоцияларды алып, жакшы маанайда өткөрүүнү каалады.

Ар бир фиништик чекти басып өткөн катышуучуга эстеликке медалдар тапшырылды.

Ошондой эле эркектер жана аялдар арасында дистанциялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, аларга медалдар жана өнөктөштөр тарабынан баалуу белектер ыйгарылды.

Иш-чара «Номад Спорт» коомдук бирикмеси жана Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулду.