Бишкекте салмагы 5 килограммдан ашык наристе төрөлдү

Коом 30 сентябрь 2025 15:10
Бишкекте салмагы 5 килограммдан ашык наристе төрөлдү

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринде 29-сентябрда 5 кг 425 грамм салмактагы, бою 56 сантиметр болгон наристе жарыкка келди.

«Кабар» агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 29 жаштагы эне кесарево жолу менен көз жарган.

Азыркы учурда апанын жана баланын абалы канааттандырарлык.