Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Турак жайы өрттөнгөн Бишкек шаарынын тургуну Венера Сулейманова 849 миң сом камсыздандыруу төлөмүн алды. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт 2025-жылдын 1-июлуна караган түнү болжол менен саат 02:40 чамасында Обская көчөсүндөгү №5 үйдө катталган. Электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан өрт турак жайдын бир бөлүгүн каптап, олуттуу материалдык зыян келтирген.
Жабырлануучу, II топтогу майып Венера Сулейманова буга чейин кварталдык өкүлдүн сунушу менен турак жайын акысыз камсыздандырган. Бул камсыздандыруу Мамлекеттик турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу программасынын алкагында жүргүзүлгөн.
Анткени, КР мыйзамдарына ылайык, I жана II топтогу майыптар – социалдык жактан аярлуу катмар катары – турак жайларын акысыз камсыздандырууга укуктуу.