Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. 1–2-ноябрда Бишкек шаарында Россиянын Маданият күндөрүнүн алкагында балдар жана чоңдор үчүн Евгений Шварцтын чыгармасынын негизинде коюлган "Жоголгон убакыт жомогу" спектакли көрсөтүлөт.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, спектакль белгилүү режиссер Никита Михалков жетектеген "Мастерская “12” театры тарабынан тартууланат. Ал Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрынын чоң сахнасында өтөт.
Окуя ар дайым ишин кийинкиге жылдыра берген Петя аттуу мектеп окуучусу тууралуу. Ал убакыттын баалуулугун түшүнүүгө түрткү берген сыйкырдуу жана укмуштуу дүйнөгө түшүп калат. Спектакль ар бир мүнөттү туура пайдаланууга үндөйт.
- Режиссеру — Евгения Шевченко.
- Премьерасы: 2023-жылдын 1-июну
- Жанры: жомок
- Жаш курактык чектөө: 6+
- Узактыгы: 1 саат (антраксыз)
Көрсөтүү убактысы:
- 1-ноябрь — саат 16:00
- 2-ноябрь — саат 12:00, 14:00, 17:00
Билеттерди Ticket.kg сайтынан жана төмөнкү даректерден сатып алууга болот:
- ТЦ «Дордой Плаза 2», 1-кабат;
- ТЦ «Азия Молл».