Бишкек, 29.10.25 /Кабар/.Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чараны Кыргызстандын жана Россиянын маданият министрлери Мирбек Мамбеталиев менен Ольга Любимова расмий түрдө ачышты.
Учурда Россиянын белгилүү эстрада жылдыздары жана таланттуу музыканттары катышкан концерттик программа көрүүчүлөргө сунушталууда.
Концерт белгилүү “Фонограф-Симфо Жаз” оркестринин коштоосунда, Россиянын эл артисти Сергей Жилиндин жетекчилиги астында өтүүдө.
Иш-чарада министр Мирбек Мамбеталиев Россиянын Маданият күндөрү Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, бул жөн гана концерт эмес, элдердин достугу менен ишенимин бекемдеген “достук көпүрөсү” экендигин айтты.
“Эки өлкө ортосундагы бул маданий кызматташтык — бул элдерди бириктирген, руханий баалуулуктарга, жалпы тарыхка жана өз ара урмат-сыйга негизделген “жандуу байланыш”. Ал эми маданият — котормосуз түшүнүлө турган тил. Биз бүгүн искусствонун элдерди бириктирип, шыктандыра турган күч экенине дагы бир жолу күбө болуп жатабыз”,-деди.
Ал эми Россиянын маданият министри Ольга Любимова өз сөзүндө маданий алмашуулардын маанилүүлүгүн белгилеп, Россия менен Кыргызстандын мамилеси ар тараптуу жана ишенимге негизделгенин белгилеп жатып, “эки элдин тарыхый достугу, руханий жакындыгы жана чыгармачыл кызматташуусу – узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн бекем негизи болуп саналат”, - деди министр.
Ошондой эле Любимова Кыргызстан тарапка жылуу кабыл алуусу жана Россиянын Маданият күндөрүн уюштурууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн расмий түрдө ачылган маданият күндөрү 2-ноябрга чейин уланат. Анын алкагында 30-октябрдан 1-ноябрга чейинки фестивалдын алкагында учурда Россияда тартууланып жаткан тасмалар акысыз көрсөтүлөт.
Ошондой эле 30-октябрдан 2-ноябрга чейин Ч. Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрында белгилүү режиссер Никита Михалков жетектеген Мастерская “12” театрынын спектаклдери коюлат. Алардын катарында “12” аттуу драма жана балдар үчүн Евгений Шварцтын чыгармасы боюнча коюлган “Жоголгон убакыт жомогу” спектакли бар”.
Муну менен катар эле бул сааттарда “Манас” кинотеатрында Россия тасмаларынын күндөрү белгилүү режиссер Никитой Высоцкийдин “Август” тасмасы менен расмий түрдө ачылды.
Маданият күндөрүнө Россиянын көрүнүктүү артисттери, музыканттары, режиссёрлору жана искусство чеберлери – жалпысынан 400дөн ашуун чыгармачыл өкүлдөр катышат.