Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Бишкек шаарында реабилитация тармагындагы кадрларды өнүктүрүү боюнча көп тараптуу жыйын өтүп жатат.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара эки күнгө созулуп, ага билим берүү мекемелеринин, реабилитациялык борборлордун, саламаттык сактоо уюмдарынын, реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөр менен алектенген ассоциациялардын, ошондой эле Дүйнөлүк физиотерапевттер федерациясынын жана Дүйнөлүк эрготерапевттер ассоциациясынын өкүлдөрү катышууда.
Жыйындын максаты – Кыргызстандагы реабилитациялык кызматтарды өнүктүрүү боюнча жол картасын жана пландарды иштеп чыгуу, анын ичинде кадрларды даярдоо маселелерин камтуу.
Иш-чара Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ЮНИСЕФтин колдоосу менен уюштурулду.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чейчебаев өз сөзүндө реабилитация тармагында квалификациялуу жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн, айрыкча кохлеардык импланттардын мисалында белгилеп өттү.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова парламент калктын ден соолугун коргоо жаатындагы ишке берилгендигин баса белгилеп, реабилитологдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу процесстерине колдоо көрсөтүп келген жана мындан ары да көрсөтө тургандыгын айтты. Бул, өз кезегинде, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомго аралашуусуна көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет.
Ал эми ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа мүмкүнчүлүгү чектелген балдар уюмдун башкы көңүл чордонунда экендигин белгилеп, балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоонун маанилүүлүгүнө токтолду.
Жыйындын катышуучулары Кыргызстанда жана дүйнөдө реабилитациялык билим берүүнү жана кызматтарды өнүктүрүү боюнча тажрыйбалар тууралуу презентацияларды угушуп, жол картасын жана пландарды талкуулап, иштеп чыгышат.