Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Бишкек шаарында 30-марттан 2-апрелге чейин С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу театрдан билдиришти.
Жумалыкта бишкектик көрүүчүлөр дүйнөлүк жана улуттук классикадан төмөндөгү 5 жаңы спектаклди көрө алышат:
30-март
- “Бир келип кетчи Ош жакка” (У. Карыпбаев)
- Саат 18:30 (Дареги: Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академик драма театры)
31-март
- “Бир келип кетчи Ош жакка” (У. Карыпбаев)
- Саат 18:30 (Дареги: Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академик драма театры)
1-апрель
- “Таштабачы, апаке” (А. Дамир уулу, А. Арыналиев)
- Саат 11:00, 15:00 (Дареги: Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры)
- “Кош дегим келбейт” (У. Карыпбаев) — саат 14:00 (Т. Абдумомунов театры)
- “Соно” (Н. Мырзаканова) — саат 18:30 (Т. Абдумомунов театры)
2-апрель
- “Таштабачы, апаке” (А. Дамир уулу, А. Арыналиев)
- Саат 11:00, 15:00 (Дареги: Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры)
- “Курманжан” (У. Карыпбаев)
- Саат 18:30 (Дареги: Т. Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры)
Билеттерди kassir.kg сайтынан сатып алууга болот.