Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. 24–28-февраль аралыгында Бишкекте органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча тренинг өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иш-чараны министрликтин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти JICA`нын "Органикалык дыйканчылыкты жайылтуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында органикалык айыл чарба боюнча инструкторлор үчүн уюштурууда.
Тренингдин максаты – органикалык дыйканчылык боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу, топуракты жана айыл чарба өсүмдүктөрүн анализдөө технологияларын үйрөнүү.
"Тренинг Кыргызстандагы органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Анда катышуучуларга бул тармактагы алдыңкы технологияларды колдонуу үчүн керектүү билим жана көндүмдөрдү берилет", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чара боюнча сурап-билүү номери :0705 58 58 70 (Жылдыз, JICA долбоорунун координатору).