Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин 41 дарегинде жайгашкан оор атлетика боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жаңы имараты курулду.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен блдиришкендей, объектинин курулуш иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Жалпы наркы 42 млн сомду түзөт.
Жалпы аянты 459 чарчы метр болгон спорт мектеби эки блоктон турат. Ошондой эле заманбап талаптар менен 44 көрүүчүгө ылайыкталган мелдеш залы, машыктыруучунун кабинети жана кийим алмаштыруу жайы каралган.
Жаңы окуу жылынын башталышы менен имарат пайдаланууга берилет.