Бишкек, 13.05.25. /Кабар/. Бишкек шаарында Т.Усубалиев атындагы аятта 24-май күнү One Run эл аралык жарым марафону өтөт.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, катышуучулар 21,1 км, 10 км, 5 км жана балдар арасында 1 км аралыкка чуркашат.
One Run эл аралык жарым марафону быйыл үчүнчү ирет өтүүдө. Жалпы 2000ден ашык жөө күлүк катышары күтүлүүдө.
Спорттук иш-чара Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, “Run the Silk Road” эл аралык марафонунун дирекциясы, жеңил атлетика федерациясы жана "Баатырлар лигасы" тарабынан уюштурулууда.
Марафонго катышуу үчүн my.runthesilkroad.com шилтемеси аркылуу катталыңыз