Бишкекте One Run эл аралык жарым марафону өттү

Спорт 26 Май 2025 09:35
500014065_717426117297275_4894181428641313269_n.jpg
499879541_717425867297300_3429488467474366888_n.jpg
500669330_717426077297279_7991622151281042405_n.jpg
500590405_717425853963968_5574364914361221238_n.jpg
499930259_717425857297301_2660471326878599764_n.jpg
500013050_717426007297286_7344410169992726355_n.jpg
500272949_717426010630619_2282937679275931054_n.jpg
500282298_717426090630611_940520331949478476_n.jpg
499791834_717425997297287_5866635353839006517_n.jpg
499824290_717425957297291_3607186252469193556_n.jpg
499825506_717426140630606_7587019093468670630_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. 24-майда Бишкектеги "Газпром" спорт комплексинде One Run эл аралык жарым марафону болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, катышуучулар 21,1 км, 10 км, 5 км жан балдар арасында 1 км аралыкка чуркашты.

One Run эл аралык жарым марафону быйыл үчүнчү ирет өтүүдө. Жалпы Беларусь, Канада, Кытай, Германия, Италия, Казахстан, Корея, Кыргызстан, Нидерланды, Филиппины, Польша, Тажикстан, Россия, Танзания, Түркия, Улуу Британия, АКШ, Гана, Түркмөнстан жана Франция 1000ден ашык жөө күлүк катталган.

Спорттук иш-чара Дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агенттиги, Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, “Run the Silk Road” эл аралык марафонунун дирекциясы, жеңил атлетика федерациясы жана «Баатырлар лигасы» тарабынан уюштурулду.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
5 км (кыз-келиндер арасында):
Жаркынай Тойчубаева 10 000 сом (00:20:55)
Айдана Бактыбек кызы 6000 сом (00:21.15);
Арууке Кушчубекова 5000 сом (00:22:57).

5 км (эркектер арасында):
Арсен Токтосунов 10 000 сом (00:16:17);
Руслан Минадиров 6000 сом (00:16:29);
Тимур Кенжеков 5000 сом (00:16:42).

10 км (кыз-келиндер арасында):
Айым Өзгөрүшова 12 000 сом (00:42:23);
Элиза Абдиева 9000 сом (00:44:02);
Айгүл Ашимова 6000 сом (00:44:32);

10 км (эркектер арасында):
Нурбек Токтогул уулу 12 000 сом (00:34:23);
Эламан Курманалиев 9000 сом (00:36:17);
Бактияр Ганиев 6000 сом (00:36:21).

21 км (кыз-келиндер арасында):
Юлия Калюжная 20 000 сом (01:38:42);
Полина Ражнова 15 000 сом (01:46:32);
Дания Садыкова 12 000 сом (01:48:31);
21 км (эркектер арасында):
Аман Момуналиев 20 000 сом (01:12:02);
Дастан Марат уулу 15 000 сом (01:12:16).