Бишкекте октябрь айында кандай аба ырайы күтүлөт?

Коом Загрузка... 29 Сентябрь 2025 12:50
93312.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Жуманын башында Бишкекте аба ырайы жылуу жана күн ачык болот, бирок 1-октябрдан тарта жаан-чачын күтүлүп, аба ырайы кескин салкындайт.

29-сентябрь, дүйшөмбү

Күн ачык жана жылуу болот. Абанын температурасы күндүз +26…+28°C, жаан-чачын күтүлбөйт.

30-сентябрь, шейшемби

Түнкүсүн ала булут каптап, абанын температурасы +11…+13°C. Күндүз ала булут каптап, абанын градусу +23…+25°C чейин жылыйт.

1-октябрь, шаршемби

Түнкүсүн ала булут каптап турат, абанын температурасы 11…13° жылуу болот. Күндүз ала булут каптап турат, абанын температурасы 23…25°Cге жетет.

2-октябрь, бейшемби

Түнкүсүн жаан жаайт, абанын градусу +6…+8°C. Күндүз дагы жаанчыл аба ырайы сакталат, температура +16…+18°C.

3-октябрь, жума

Түнкүсүн жаан жаайт, +6…+8°C. Күндүз күн жылуу болушу күтүлүп, +18…+20°C болот.

4-октябрь, ишемби

Түнкүсүн ала булут каптап, +6…+8°C. Күндүз негизинен ачык аба ырайы күтүлөт, абанын температурасы +19…+21°C.

5-октябрь, жекшемби

Түнкүсүн ачык, +5…+7°C. Күндүз күн ачык жана жылуу болот, температура +18…+20°C.