Бишкекте оңдоп-түзөөдөн кийин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

Коом 17 сентябрь 2025 10:15
WhatsApp_Image_Oo8sEAU.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_HWwyz6y.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_Oo8sEAU.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_HWwyz6y.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 17.09.25 /Кабар/. Бишкекте кун мурун оңдоп-түзөө иштеринен кийин Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн - Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки, узундугу 1,7 чакырымды түзгөн бөлүгү толугу менен пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган жол бөлүгүндө төмөнкү иштер аткарылган:

– эки катмар асфальт төшөлдү;

– жаңы жол белгилери орнотулду;

– жол чийиндери чийилди;

– жол боюндагы бордюрлар жаңыртылды.

Жогоруда аталган ондоп-түзөө иштери транспорт агымын жакшыртууга жана шаардагы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун жаңыланган жол тилкелеринде жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.