Бишкекте “Нуркидс" онлайн-платформасынын бет ачары өтүүдө

Коом Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 11:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Бишкек шаарында балдар үчүн кыргыз тилиндеги "Нуркидс" онлайн-платформасынын расмий бет ачары өтүүдө.

Иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, ЖК депутаты Салтанат Аманова, мамлекеттик органдардын, жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышууда.

Долбоордун максаты — кыргыз тилин балдардын санариптик дүйнөсүнүн табигый бөлүгүнө айлантуу жана чет элдик контенттерге заманбап, кызыктуу альтернатива сунуштоо болуп саналат.

Платформадагы контенттер жалпы балдарга, ата-энелерге, бала бакчаларга жана мектептерге арналган. Санарип экосистема 2 жаштан 14 жашка чейинки балдар колдоно алышат.

Иш-чаранын алкагында кыргыз тилиндеги балдар контентин өнүктүрүүгө, билим берүү тармагын колдоого, мамлекеттик тилди жана улуттук маданий баалуулуктарды санарип мейкиндикте сактоого багытталган заманбап санариптик чечимдер сунушталат.

“Нуркидс" төмөнкүлөрдү үйрөнүүгө жардам берет:

  • кыргыз алфавитин;
  • сандарды жана математиканын негиздерин;
  • жаратылыш, жаныбарлар жана курчап турган дүйнө тууралуу маалымат алууну;
  • ой жүгүртүүнү жана сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүнү;
  • Кыргызстандын маданияты жана салт-санаасы менен таанышууну.

Контент төмөнкүдөй форматтарда сунушталат:

  • мультфильмдер;
  • окутуучу видеолор;
  • интерактивдүү сабактар;
  • билим берүү программалары.

Бет ачар “Нуркидс" контентинин негиздөөчүлөрү жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулууда.