Бишкекте "Наристе" балдар фольклордук фестивалынын ачылыш аземи өттү

Коом Загрузка... 31 Май 2025 16:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 31.05.25. /Кабар/. Бүгүн, 31-майда борбор калаада V эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, Венгрия CIOFF`нун президенти, Дүйнөлүк CIOFF`тун балдар фольклордиадасы жана балдар фестивалдары боюнча комиссиясынын төрагасы Йозеф Стигетвари, ошондой эле ардактуу коноктор катышты.

Мэр Айбек Жунушалиев куттуктоо сөзүндө, фестиваль – бул салт менен заманбаптык, балдардын чын ыкластуулугу менен элдик өнөрдүн кылымдарды карыткан даанышмандыгы, улуттук аң-сезим менен эл аралык өз ара түшүнүшүү жолугушкан өзгөчө мейкиндик экенин белгиледи.

Фестивалдын негизги максаты-өз ара түшүнүшүүнү жакшыртууга, этностук, маданий, тилдик топтордун жана улуттардын ортосундагы мамиле тилектештигин бекемдөөгө, маданиятты мындан ары да өз ара байытууга, эл аралык маданий кызматташтыкка жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүү.

Фестивалга Венгрия, Кытай, Монголия, Болгария, Индия, Казакстан, Түркия, ошондой эле Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск шаарлары, Тыва жана Татарстан Республикаларынын чыгармачыл жамааттары катышууда.

Ошондой эле фестивалга Кыргызстандын жети облусунан келген Эл аралык жана Бишкек Дельфи оюндарынын жеңүүчүлөрү катышып жатат.

Фестивалдын программасы фольклордук бий жана аспаптык ансамблдердин чыгууларын, мастер-класстар, эл аралык конференцияларды, элдик колдонмо искусство көргөзмөлөрдү, маданий долбоорлордун презентацияларын жана Бишкектин тарыхый-маданий объектилерине экскурсияларды камтыйт.

1-июнда саат 19:00дө "Ала-Тоо" аянтында фестивалдын катышуучуларынын жана борбор калаанын чыгармачыл жамааттарынын майрамдык концерти өтөт, ошондой эле кече майрамдык дискотека менен уланат.