Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган жарандар кармалды

Укук тартиби Загрузка... 17 Сентябрь 2025 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарында мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган бир нече жаран ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан кармалды.

Ведомстводон билдиришкендей, милицияга түшкөн маалыматка ылайык, шектүүлөр кумар оюндарын уюштуруу үчүн бир күндүк батирлерди ижарага алып турушкан.

Аталган факт боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кумар оюндары өткөрүлгөн дарек жана ага тиешеси бар жарандар аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилди.

Соттун чечими менен төмөнкү жарандар камакка алынды:

  • 2000-жылы туулган М.Б.
  • 1989-жылы туулган К.Э.
  • 1981-жылы туулган Т.Ю.
  • 1987-жылы туулган С.Г.
  • 1994-жылы туулган И.Ж.

Учурда тергөө иштери уланууда.

"Мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу жана катышуу үчүн мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилиги каралган",-деп айтылат ИИМдин маалыматында.