Бишкекте музыкалык окуу жайдан өрт чыкты

Кырсык 1948 10 Июль 2025 12:00
516760946_1136921951813863_8778006774482575932_n.jpg
517331239_1136921925147199_6086476219322556682_n.jpg
518339593_1136921778480547_8547291094316540470_n.jpg
Алдыга
Артка
516760946_1136921951813863_8778006774482575932_n.jpg
517331239_1136921925147199_6086476219322556682_n.jpg
518339593_1136921778480547_8547291094316540470_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Бишкекте музыкалык окуу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:14төн тарта 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, тилсиз жоону өчүрүү боюнча иш алып барууда.

Мындан тышкары, кошумча саат 11:35те Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан бир унаа, 2 офицер 1 дрону менен тартылды.

Кошумча маалымат берилет.