Бишкек,17.05.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде Эл аралык музейлер күнүнө карата “Музейлер түнү” аттуу маданий акция өтүп жатат.
Аталган акциянын алкагында музейде ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Алардын катарында искусство таануучулардын лекциялары, сүрөт тартуу, сайма саюу, шырдак шыруу, кагаз гүлдөрдү жасоо жана карапа искусствосу боюнча мастер-класстар бар. Мындан тышкары, балдар үчүн оюн-зоок программалары, анимациялык видеолор жана мастер-класстар уюштурулган.
Музыкалык бөлүмдө саксофон жана скрипканын коштоосундагы музыкалык номерлер тартууланууда.
Иш-чаранын максаты – музейлердин коомдогу ролун жогорулатуу жана маданий мурастарды жайылтуу. Бул сыяктуу акциялар аркылуу шаар тургундары жана коноктору музейлердин бай коллекциялары менен таанышып, маданий жана чыгармачыл иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.