Бишкекте Мугалимдер күнү салтанаттуу белгиленди

Коом 747 04 Октябрь 2025 11:50
1ededc06-645f-41d1-9f76-8d8e8ddb99dc.jpg
8b20f2d5-fa16-4560-acb2-a3082309ee3d.jpg
6e52c2cd-6f6a-400d-b75c-f68c79032f6a.jpg
93b51bbf-da90-42ae-add6-0cb1e2c099b3.jpg
94432af8-f8ef-4deb-b1ab-ef22029c773a (1).jpg
94432af8-f8ef-4deb-b1ab-ef22029c773a.jpg
9047327a-cd91-46af-b0bf-6ee566b023b6.jpg
b6a0e315-10f5-444e-923a-e7757b1911cf.jpg
c346c5dd-e910-442f-91ce-f5dee3922d3e.jpg
c837d2b9-471a-4eaf-95b3-5a1d16bfc630.jpg
e072bfeb-c500-4038-930b-a8f26b369383.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.10.25 /Кабар/. Бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген мугалимдер жана тарбиячылар катышты.

Салтанаттуу саамалык жаңы билим берүү моделине өтүү жолун чагылдырган видеоролик менен ачылды.

Андан соң көрүүчүлөргө “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” аттуу театрлаштырылган пролог тартууланды.

Бул коюм аркылуу 12 жылдык билим берүү системасына өтүү жана заманбап стандарттарды киргизүү – жөн гана реформа эмес, өлкөнүн жана жаш муундун келечегин аныктаган тарыхый кадам экени баса белгиленди.

Иш-чарада педагогдорду даңазалоого өзгөчө көңүл бурулду. “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” аталышындагы республикалык конкурстун жеңүүчүлөрү жана лауреаттары акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Башкы байге катары батир каралып, ал Ысык-Көл облусунун Түп районунан келген кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асановага тапшырылды.

Майрамдык иш-чара атайын даярдалган концерттик программа менен уланып, мугалимдерге жана тарбиячыларга майрамдык маанай тартууланды.