Бишкекте “Мүрөк” спорттук медицина жана реабилитация борбору курулат

Спорт 04 Ноябрь 2025 11:02
577096739_1285776226926098_4260142844120459317_n.jpg
576381829_1285776233592764_3986527391540609940_n.jpg
577419498_1285776230259431_2414071450505818848_n.jpg
Алдыга
Артка
577096739_1285776226926098_4260142844120459317_n.jpg
576381829_1285776233592764_3986527391540609940_n.jpg
577419498_1285776230259431_2414071450505818848_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунда “Мүрөк” спорттук медицина жана реабилитация борбору курулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул борбор профессионалдык спортчуларга жана улуттук курама командаларга багытталган алгачкы адистештирилген комплекс болуп саналат.

Бул жерде кыргызстандык жана чет элдик спортчулар толук медициналык текшерүүдөн өтүп, дарыланып жана калыбына келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Борбордун ишке кириши менен спорттук уюмдардын чет өлкөдөгү дарылануу жана калыбына келүү чыгымдары кыйла кыскарып, спорттук даярдыктын натыйжалуулугу диагностика, алдын алуу жана реабилитация ыкмаларын колдонуу аркылуу жогорулайт. Өзгөчө, профессионалдык жана жаштар командалары үчүн туруктуу медициналык коштоону уюштурууга, ошондой эле жаракат алуу коркунучун алдын алуу жана функционалдык калыбына келтирүү программаларын киргизүүгө көңүл бурулат.

Борбор ФИФА жана Эл аралык спорттук медицина федерациясынын талаптарына жооп берет. Анда лабораториялар, машыгуу залы, бассейн, физиотерапиялык жана диагностикалык бөлмөлөр жайгашат.

Ошондой эле Кыргыз футбол биримдиги борборду улуттук курамалардын бардык курактык топтору үчүн туруктуу медициналык база катары пайдаланууну пландаштырууда.

Борбордун курулушунун аякташы 2026-жылга пландалган.