Бишкекте мектептердин өрт коопсуздугу текшерилип, 46 миң сом айып салынды

Коом Загрузка... 15 Сентябрь 2025 16:15
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Бишкектеги блим берүү мекемелеринин өрт коопсуздугу текшерилип, 46 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгына 46 миң сомго эки административдик чара көрүлдү.

Маалыматты тактай кетсек, буга чейин Октябрь району боюнча 42 бала бакча, 22 мектеп, жалпы 64 мекеме текшерилген.

Анын ичинен талапка жооп бербеген 5 мектепке, 12 бала бакчага эскертмелер берилип, аткарылбаганы үчүн административдик чаралар көрүлдү.