Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Мектеп лигасы жалпы шаардык мелдешинин расмий ачылышы болуп өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарада Бишкек мэринин орун басары Виктория Мозгачева куттуктоо сөзүн айтып, мэрия жаш спортчулар, анын ичинде дүйнө чемпиондору менен сыймыктанарын белгилеп, спорттук демилгелерди жана балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүүнү колдоону улантарын билдирди.
Быйыл аталган иш-чарага борбор калаадагы 104 мектептен 2016-2008-жылдары туулган окуучулар катышууда. Программада спорттун 13 түрү боюнча мелдештер өтөт: бадминтон, жеңил атлетика (балдар үчүн), баскетбол, волейбол, гандбол, дартс, жеңил атлетика, кичи футбол, пионербол, стол тенниси, тогуз коргоол, ордо, шахмат.
«Мектеп лигасынын» жеңүүчүлөрү салт боюнча сыйлыктар жана эс алуу үчүн жолдомолор менен сыйланышат.
Белгилей кетсек, Мектеп лигасы Бишкекте 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет жана быйыл онунчу ирет уюштурулууда.