Бишкекте медициналык шаарча курулат - Эркин Чечейбаев

Ден соолук Загрузка... 03 Июль 2025 16:33
WhatsApp_Image_2025_qj5pfL0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Бишкекте медициналык шаарча курулат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Министрдин айтымында, жакынкы эки жарым жылдын ичинде өлкөдө жаңы ооруканаларды, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларындагы облустук борборлорду, облустук онкологиялык борборлорду куруу пландалууда.

“Ошондой эле Бишкек шаарында 3500-4000 орундуу медициналык шаарча куруу пландалууда. Ал заманбап көп тармактуу комплекс болот”, - деди министр.