Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Бишкекте "Манас жана Махабхарата" эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борбору расмий ачылып, "Манас" эпосунун хинди тилиндеги алгачкы котормосунун бет ачары болду.
“Манас” улуттук академиясынан билдиришкендей, иш-чара эки өлкөнүн элчиликтеринин колдоосу менен уюштурулуп, ага Индиянын расмий делегациясы, мамлекеттик жетекчилер, белгилүү манасчылар жана окумуштуулар катышты.
Борбор Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого, "Манас" жана "Махабхарата" эпосторун иликтөөгө, салыштырма цивилизациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана жаш окумуштууларды даярдоого багытталган.
"Иш-чаранын эң маанилүү бөлүгү – улуу үчилтик ("Манас", "Семетей", "Сейтек") хинди тилинде расмий тааныштырылды. Бул басылма КР эл жазуучусу Мар Байжиевдин орус тилиндеги баянынын негизинде, индиялык белгилүү окумуштуулар – профессор Хем Чандра Панде жана профессор Рамакант Двиведи тарабынан даярдалган", - деп айтылат маалыматта.
Салтанаттын алкагында "Манас" улуттук академиясы, Эл аралык мамилелерди изилдөө борбору (CSIR, Индия) жана Кыргызстандын 7 алдыңкы жогорку окуу жайы (КНУ, БГУ, АУЦА, "Ала-Тоо" ж.б.) ортосунда үч тараптуу кызматташтык келишимдерине кол коюлду.