Бишкекте “Манас” эпосунун англис тилиндеги жаңы басылмасынын бет ачары өттү

Маданият Загрузка... 04 Апрель 2025 17:27
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon "Манас" улуттук академиясы

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Бишкектеги Манас улуттук академиясында бүгүн “Манас” эпосунун англис тилиндеги жаңы басылмасынын бет ачары өттү.

Китеп КР Баатыры, драматург Бексултан Жакиевдин бир нече варианттардын негизинде иштеп чыккан эпостун кара сөз түрүндөгү вариантынын англис тилиндеги чыгарылышы болуп саналат.

Манас улуттук академиясынын демилгеси менен жарык көргөн китеп дүйнөлүк окурмандарга кыргыз элинин руханий-тарыхый мурасын таанытуу максатын көздөйт.

Китеп эл аралык аудиторияга ылайыкталгандыктан, кыргыз Китеп эл аралык окурмандар үчүн жеткиликтүү тилде жазылып, кыргыз маданиятын жана баалуулуктарын дүйнөгө жайылтууга багытталган.

Жаңыдан жарык көргөн басылма мазмуну жагынан да, сапаты жагынан да жогорку деңгээлде даярдалып, заманбап басма стандарттарына ылайык чыгарылды.