Бишкекте “Манас Ааламы 2025” көргөзмө-сынагы өттү

Маданият 13 Май 2025 15:50
493603260_994765086148581_6032904315673837623_n (1).jpg
495380491_994765082815248_7925696721601940128_n.jpg
497898472_994765996148490_5131242701921754427_n.jpg
493951241_994765876148502_1872930451502436905_n.jpg
493468091_994765406148549_1531228625857181394_n.jpg
495624075_994765896148500_3836745358667847825_n.jpg
494689568_994765722815184_860273282533132808_n.jpg
495620784_994765629481860_8573110386256560276_n.jpg
493956647_994765702815186_71283608800519788_n.jpg
495154626_994765849481838_8505137406421599725_n.jpg
495380456_994765669481856_9161737377633604979_n.jpg
496955776_994765319481891_6607403529544116275_n.jpg
495146855_994765376148552_3905544567176859319_n.jpg
494762364_994765322815224_2445056027073266647_n.jpg
496924095_994765352815221_2037244499385936513_n.jpg
497926764_994766116148478_8730160133048117162_n.jpg
494291101_994765812815175_5224516447624686355_n.jpg
497024300_994765379481885_5469818717429886701_n.jpg
493478963_994765116148578_2683699130553223831_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Манас Ааламы 2025” аттуу көргөзмө-сынагы өттү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, ага өлкөнүн сүрөт өнөрүнүн өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана кыргыз искусствосунун күйөрмандары катышты.

Маданият министринин орун басары Марат Тагаев өз сөзүндө “Манас” эпосту сүрөт аркылуу даңазалоо жана жайылтуу өтө маанилүү экенин белгиледи.

Сынактын максаты — улуттук өзгөчөлүгүбүздүн негизи болгон “Манас” эпосун жайылтуу жана даңазалоо.

Аталган сынак жыл сайын өткөрүлүп, кыргыз сүрөт өнөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Сынакка төрт жанр боюнча эмгектер кабыл алынды, алар: живопись (сүрөт), графика, скульптура жана жазалга-колдонмо искусствосу (ЖКИ).

Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:
1-орун:
• Живопись: Хамиджанов Азамат “Тиреш”
• Скульптура: Чынтемир уулу Жыргал “Кошой менен Жолой”
• Графика: Биймырзаев Алыкул “Теңирдин берген батасы”
• ЖКИ: Жолбунов Нурбек “Теңир-Уул”
2-орун:
• Живопись: Сейдеакматов Таалайбек «Сейтек»
• Скульптура: Усенов Алтай «Портал»
• Графика: Илипов Замир «Баатырлар»
• ДПИ: Мурзапаров Пиримбек «Эпос»
3-орун:
• Живопись: Итикеев Рахат «Чоң казат жана Саякбай»
• Скульптура: Абдалиев Искен «Саякбай»
• Графика: Турганбаев Аким «Жакып, Чыйырды, Бакдоолот үчөөнүн түш көрүшү»
• ДПИ: Исаев Жусуп «Ордо»

Кызыктыруучу сыйлыктары төмөнкү авторлорго ыйгарылды:

  • Калыбеков Асхат “Саякбай” (живопись)
  • Жумабеков Асейин “Манас ааламы” (живопись)
  • Ибраимов Руслан “Эл үчүн, жер үчүн” (живопись)
  • Насирдин уулу Абай “Эпостун жаралышы” (живопись)
  • Токтобаева Рахат “Айчүрөк” (скульптура)
  • Иманбаев Бакыт “Чыйырды. Манастын төрөлүшү” (скульптура)
  • Ибрагимов Кубанычбек “Манасчы Саякбай” (графика)
  • Кунакунов Марис “Манасчы” (графика)
  • Молдогазиев Конушбек “Эр Сыргак” (графика)
  • Чаланов Ишен “Хан Манас” (ДПИ)

Белгилей кетсек, жеңүүчүлөрдүн эмгектери Улуттук “Манас” академиясынын фондусуна өткөрүлөт. Ал эми көргөзмөдө коюлган бардык эмгектердин электрондук нускалары “Манастын” эпосунун жаңы басылмалары даярдалган учурда колдонулат.